Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы ажы башчылар менен чукул жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын (БТК) төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган штаб кызматкерлери Мекке шаарына келген  ажы башчылар менен чукул жыйын өткөрүп, Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык-умра министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимдерди, талаптарды жана эрежелерди түшүндүрдү. Муну менен катар штаб кызматкерлери мейманкана менен ыйык Харам мечитине каттоочу автобустардын графиктерин тез арада бекитип, жоопту кызматкерлерди дайындоо боюнча ажы башчыларга тапшырмаларды берди.

«Ажылардын коопсуздугу эң маанилүү. Андыктан САПтын ажылык-умра министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимдер так аткарылуусу зарыл. Муну менен катар мейманканалардагы талаптарды аткарып, электр энергиясын пайдаланууда ар бир ажыга түшүндүрөлү. Биз ажылык министрлигиндеги жолугушууга барганыбызда ажылардын бөлмөлөрдө тамак жасоосуна тыюу салынгандыгын дагы бир жолу айтты. Себеби, ажыларга тамак-ашты өздөрү алып келишет. Бул алардын негизги талабы, ажылардын коопсуздугу үчүн. Ошондой эле мейманканалардан ыйык Харам мечитине каттоочу автобустардын графиктерин бекитип, нөөмөтчүлөрдү дайындаңыздар. Быйыл 8 дарыгер жарандарыбыздын  ден соолугуна кам көрүшөт. Учурда 3 районго 3 медициналык пункттар ачылат. Учурда документ иштери аяктап калды. Штаб кызматкерлери САПтын ажылык министрлиги койгон талаптарды, чечимдерди аткарууга аракет кылуудабыз»,-деди штаб жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ажы башчылар менен жолугушууда штаб тарабынан жол эрежелерин сактоо жана түшүндүрүү, дайыма дарыгерлер менен кеңешип иштөө жана ооруп калгандар болсо дароо кабар берүү, ажылык ибадаттарына көңүл бөлүү, сабактарды өтүү тапшырмалары берилди.