![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/06/289342402_1195411624580386_6799519488002417073_n.jpg)
Кечээ, 23-июнь күнү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар Планын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Каракол шаарында аймактык Конфессиялар аралык кеңешти түзүү үчүн Ысык-Көл облусунун ар түрдүү диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрдү.
Иш-чаранын максаты — диндер аралык диалогду бекемдөө жана ар кандай диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү алга жылдыруу болуп саналат. Ошондой эле, иш-чаранын программасында топтук иштерди жүргүзүү, диний маселелер боюнча презентацияларды жана сунуштарды көрсөтүү каралган.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышты.
2018-жылы Бишкек шаарында Кыргызстандын республикалык Конфессиялар аралык кеңеши ар түрдүү диндердин ортосундагы кызматташтыкты жогорулатуу максатында түзүлгөн. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн башка облустарында өткөрүү пландаштырылган.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/06/289232293_1195411584580390_4100984736705390099_n.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/06/289801999_1195411681247047_8819022086704119211_n.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/06/289342402_1195411624580386_6799519488002417073_n-1.jpg)