Ажылыкты уюштуруу штабы ыйык Мекке шаарына келген болочок ажылар менен жолугушуп, ажылыктын шарттарын түшүндүрүп беришти

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн ыйык Мекке шаарына келген болочок ажылар менен жолугушту.

Жолугушуу Мекке шаарындагы Азизия жана Дувар Кудей районунда жайгашкан мейманканаларда өтүп,  мекендештерге ажылык ибадатынын шарттары,  Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык-умра министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимдерди, талаптарды жана эрежелерди түшүндүрүштү. Муну менен катар Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө аткарылуучу амалдарды айтышып, ажы башчылар менен тыгыз иштешүү керектиги айтылды.

«Ажылык сапар машакаттуу жана түйшүктүү. Себеби, сиздер ажылык ибадатын аткаруу үчүн келдиңиздер. Бул ыйык жайлар эс алуу үчүн эмес, ибадат кылып, эселеген соопторду таап, ажылык милдеттерди аткаруу максатында. Муну менен катар САПтын ажылык министрлигинин талаптарын так аткаралы жана мыйзамдарга баш ийиш керек. Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө барганда атайын графиктер бекилет жана муну министрлик өзү көзөмөлдөйт. Ошондуктан штаб жана ажы башчылардын тапшырмаларын так аткаралы»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жолугушууда штаб жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жарандарыбызды ден соолукту жакшы кароого жана ооруп калган учурда дароо дарыгерге кайрылууга чакырды.

«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн 8 дарыгер иштеп жатат. Учурда 2 медициналык пункт иштей баштады. Оорубаңыздар, бирок кандайдыр бир маселе жаралса дарыгерлерге кайрылыңыздар»,-деди штаб жетекчиси.