Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси САПтын ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү мекеменин башчысы менен жолугушту

2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык-умра министрлигинин алдындагы КМШ, Европа, Австралия жана Америка аймактарын караган 19-чу мекеменин Кыргызстандык ажыларды тейлөөдөгү жетекчиси Абдулмухсин Миквар менен жолугушту.

Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү мекеменин жетекчиси менен болгон жолугушууда 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу жана сабактарды өткөрүү, ыйык жайлардагы эрежелерге көңүл буруу, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү графиктерди так сактоо жана САПтын мыйзамдарын урматтоо маселелери сүйлөшүлдү.

САПтын ажылык-умра министрлигинин алдындагы КМШ, Европа, Австралия жана Америка аймактарын караган 19-чу мекеменин Кыргызстандык ажыларды тейлөөдөгү жетекчиси быйыл ажылык сапары чукул уюштурулуп жаткандыктан эреже, тартиптер дагы тез аранын ичинде иштелип чыккандыгын айтып, бул бүткүл дүйнөдөн келген ажылардын коопсуздугу экендигин билдирди.

«Биз бар мүмкүнчүлүккө жараша иштеп жатабыз. Ажылыкты уюштурууда ажы башчылар ажыларга сабактарды өтүп, ажылык ибадатынын шарияттагы өкүмүн туура түшүндүрүп берүүсү маанилүү. Анткени Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө ажылыктын негизги шарттары аткарылат. Андыктан САПтын ажылык-умра министрлиги тарабынан чыгарылган эрежелерди, графиктерди жана тартиптерди так сактаңыздар!»,-деди ААбдулмухсин Миквар.