Арашандагы «Аабдулла бин Аббас» Куран жаттатуу медресесин 26 студент аяктап, 30 пара Куранды толук жатташты

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында жайгашкан «Аабдулла бин Аббас»  Куран жаттатуу медресесин 26 студент аяктап, 30 пара Куранды толук жатташты. Куран жаттагандардын ичинен 7 студентке ижаза берилип, окуу жайды кызыл диплом менен аякташты.

«Бүтүрүүчүлөрдөн Ибрахим кары Маллабаев Кыргызстанда алгачкы жолу 10 кырааттан ижаза алса, Фирдаус кары Умаров жана  Умарали кары Юров 2 кыраат боюнча ижаза алышты. Ал эми калган 4 студентибиз 1 кыраат боюнча ижазанын ээси болушту»,-деди Асылбек кары Таштемиров.

«Аабдулла бин Аббас»  Куран жаттатуу медресеси 19-чу бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруп, салтанаттуу аземге  Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Фархат ажы Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Ихсан кайрымдуулук фондунун, И.Арабаев атындагы КМУнун  теология кафедрасынын жетекчилери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен ата-энелер катышты.