Азирети Муфтий Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан хазрат Аббясов менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы  расмий иш сапары алкагында Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан хазрат Аббясов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында дин башкармалыктар арасындагы достук алакаларды бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана биргеликте иштешүү жаатында пикир алышып, тараптар кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдиршти. Ал эми Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан хазрат Аббясов 13-14-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III Эл аралык диний-илимий конференция жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын айтып, мындай агартуу жаатындагы иш чаралардын өтүшү терс диний агымдардын алдын алууга жана диний баалуулуктарды коомчулукка жеткирүүдө өзүнүн салымын кошоорун билдирип,  ыраазычылыгын билдирди.