Бишкек шаардык казыяты республикалык футболдук мелдешке «Көлмө» медресесин тандап алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан футболдук мелдешке Бишкек шаарынын атынан «Көлмө» медресесинин командасы катышат. Бул туурасында шаардык казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Расулбек ажы Сариев билдирди.
Учурда Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын арасында атайын тандоо туру уюштурулуп, оюндун жыйынтыгында «Көлмө» медресеси 1-орунду камсыздаса, Кыргызстан Ислам Университетинен келген  команда экинчи орунду ээледи. Ал эми үчүнчү орунга «Абу Бакр Сыддык» медресеси татыды. Муну менен катар футболдук мелдешке ат салышкан «Шаршенбай ажы», «Расул Акрам», «Азирети Умар», «Биринчи кадам» медреселери кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушкан.