Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» борбордук мечити 20 тонна көмүр менен камсыздалды

Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» борбордук жума мечити кышка карата даяр. Бул боюнча аталган шаардын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Шаар хатибинин  айтымында үстүбүздөгү жылдын 4 кварталына карата түзүлгөн иш мерчемде кышка карата камылга көрүү, жергиликтүү тургундарга мечит шарт түзүп берүү сыяктуу иш чаралар камтылган.

Кышка карата камылга көрүү иш чаранын алкагында атайын уюштуруу иштери жүргүзүлүп, Кубан Бердибаев жана бир туугандар Аширбек, Талант, Канат Кебекбаев аттуу жергиликтүү тургундар борбордук мечитке 20 тонна көмүр түшүрүп беришкен.