Ош шаардык казыяты казыяттар арасында волейбол жана футбол боюнча турнир өткөрдү

Ош шаардык мусулмандар казыяты “Спорт менен дайыма чындап денем, сергек жашоо айкалышат ыйман менен” аталышында Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунун мусулмандар казыяттары арасында спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча турнир өткөрдү. Иш чара казыяттар ортосундагы байланышты бекемдөө максатында уюштурлуп, ага 40тан ашуун дин кызматкери катышкан.

«Аймактарды өнүктүрүү жылында биз казыяттар арасында спорттук турнир өткөрүп, ден соолугубузду чыңдоо менен катар  байланышыбызды бекемдеп жатабыз. Албетте, ошол эле учурда казыяттарда эмектенген кызматкерлер тажрыйба алмашып, өздөрүнүн билгендери менен бөлүшүп жаткандыгы бизди кубантат»,-деди Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев.

Ош шаарынын мусулмандар казыяты өткөргөн спорттук турнирге Ош шаардык мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү калыстык кылышып, мелдештин жыйынтыгында футбол жана волейбол оюну боюнча Ош облустук казыяты биринчиликти эч кимге берген эмес.

«Командалар абдан мыкты даярданып келишкени байкалып турду. Себеби күндүн биринчи жарымында спорттун волейбол түрү боюнча казыяттар арасындагы 4 команда арасында аябагандай кызуу оюну болду»,-деди дене тарбия жана спорт комитетинен келишкен калыстар.

Ош шаардык казыяты өткөргөн спорттук турнирдин жыйынтыгы боюнча:

Волейбол:

1-орун Ош облустук казыяты

2-орун Жалал-Абад облустук казыяты

3-орун Ош шаардык казыяты

Футбол:

1-орун Ош облустук казыяты

2-орун Жалал-Абад облустук казыяты

3 орун Баткен облустук казыяты

Ал эми турнирдин соңунда жеңүүчү командаларга кубоктор жана  сыйлыктар тапшырылып, казыяттар бири бирине ыраазчылыктарын айтышты.