Бөйрөк дартына кабылган Насиба Камбаровага Баткендеги «Таква» мечитинин жергиликтүү жамааты 3 миң сомдук акчалай жардам беришти

Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин жергиликтүү жамааты Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын жашоочусу Насиба Камбаровага 3 миң сомдук акчалай жардам беришти.  Бул туурасында мечит имамы Абдулаким ажы Саидахматов билдирди. Насиба Камбарова бөйрөгүнөн жабыркап, дарылануу үчүн чоң суммадагы акчага муктаж экендигин билдирген. Бул маалыматты угушкан «Таква» мечитинин жергиликтүү жамааты аз дагы болсо акчалай жардам көрсөтүүнү чечишкен.

Элден айланса болот. Биз жергиликтүү жашоочуларга кайрылып, Насиба Камбарова бөйрөгүнөн жабыркагандыгын түшүндүрүп, жардам колун сунууга чакырдык. Жергиликтүү эл мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам беришти,-деди мечит имамы Абдулаким ажы Саидахматов.