Алибек ажы Жусупов «Имам ат-Термизий» медресесиндеги окуу процесси менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Ноокат районундагы «Имам ат-Термизий» медресесин зыярат кылып, билим алып жаткан балдардан кабар алды. Жолугушуу Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин тапшырмасы, облус казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин буйругунун негизинде өттү.

«Балдар биздин негизги байлыгыбыз. Аларга моралдык дагы, материалдык   жактан дагы кам көрүшүбүз керек. Алар үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө тийишпиз», – деди облус казысынын орун басары.

Ал эми «Имам ат-Термизий» медресесинин мүдүрү Азатбек Көчкөнбаев балдар үчүн колдон келишинче шарттар түзүлгөнүн, бул жаатта Муфтият, казыят тарабынан берилген тапшырмалар аткарууга алынып жатканын билдирди.