Ноокатта эсептик каттоосу кечеңдеп жаткан диний объектилердин себептери аныкталып, бир катар чечимдер кабыл алынды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов иш сапары менен Ноокат районуна барып,  КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан (ДИМК) эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, тиешелүү айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары жана активдүү жарандар катышты.

«Азыр каттоо иштеринде мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканына карабай  кээ бир мечиттерди каттоодон өткөрүү процесси кечеңдеп жатат. Айрымдары каражат тартыштыгына такалса, башкаларынын бир, эки документи гана кечеңдеп жатат. Каттоо үчүн бардык оптималдуу варианттарды карап, тез арада документ иштерин бүткөрүңүздөр», – деди Алибек ажы Жусупов.

Жыйында каттоо иши кечеңдеп жаткан ар бир диний объектинин кечигүү себептери изилденип, ага жараша иш жүргүзүү чечими кабыл алынды.