Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун жашоочулары менен жолугушуп, жаштардын ыйманы, зекет, үшүр жана ысырап боюнча баяндама жасады

Талас облусунун мусулмандарынын  казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун жашоочулары менен жолугушуп, ысырапкерчиликти токтотуу, элдин ынтымагын бекемдөө, жаштарды ар кандай терс диний агымдардан оолак кылуу жаатында сүйлөштү.

Эл менен болгон  жолугушууда облус казысы ашыкча чыгымдарга жол бербей, соопту иштерге аракет кылууга,  жаштарга таалим-тарбия, адеп-ахлакты үйрөтүү жана улууларды урматтоого чакыруу керектигин айтты.

«Имамдарыбыз жума баяндарында жана мечиттердеги баяндарда ысыраптын шарияттагы ордун түшүндүрүп жатат. Албетте, ашыкча ысырап кылуу шариятыбызга туура келбейт. Биз сооп табууга үйрөнүшүбүз керек. Дыйканчылык кылсак үшүр берели, мал баксак же соода кылсак зекетин берели. Мына ушундай биздин мал-мүлкүбүзгө береке келет. Ар бирибизде бала бар. Биз алардын ыйманына, адебине жана жүрүм-турумуна көңүл бөлөлү.  Муну менен катар билим алууга ынтызар кылалы, китеп менен дос кылып, ар кандай азгырыктарга жол бербейли!»,-деди облус казысы.

Ал эми жергиликтүү тургандар облус казысына ыраазычылыгын билдирип, ысырапкерчиликти токтотууга бардык аракеттер көрүлөрүн билдиришти.