Ош облусунун казысынын орун басары Ноокаттагы «Атаназар кары» медресесин текшерди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Ноокат районундагы «Атаназар кары» медресесин текшерип, окуу процесси менен таанышты. Текшерүү иши Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин тапшырмасы, облус казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө.

«Биздин динибиз тазалыктын үстүнө курулган. Тазалык жана тартип бар жерде береке болот. Айрыкча Куран окулган жер таза болушу керек», – деди казынын орун басары.

Ал эми «Атаназар кары» медресесинин мүдүрү Имамназар Атаназаров окуу жай Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында болгондуктан бардык талаптарды аткарууга аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

«Бизге Муфтият жана казыяттан комиссия келсе кубануу менен тосуп алабыз. Анткени биз КМДБнын алдындагы мекемебиз. Комиссия биздин артыкчылыктарды жана кемчиликтерди көрсөтүп, окуу жайыбыздын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», – деди окуу жайдын мүдүрү.

Облус казысынын орун басары медресенин жатаканасын, окуу класстарын жана ашканасын текшерип, талапка жооп бере тургандыгын билдирди.