Ош облусунун казысынын орун басары «Абдусаттар ажы Абдуллаев» медресесиндеги курулуш иштери менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Ноокат районундагы «Абдусаттар ажы Абдуллаев» медресесин зыярат кылып, курулуш иштери менен жеринде таанышты. Жолугушууга Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, жооптуу имамдар жана дин кызматкерлери катышты.

«Жайкы эс алуу учурунда медресени оңдоп-түзөп, имаратты кеңейтүү жакшы иш. Алла Таала ишиңиздерге ийгилик, окуу жайыңыздарга береке берсин. Ушул жерден атактуу аалымдар жана хафиздер чыксын», – деди облус казысынын орун басары.

Ал эми «Абдусаттар ажы Абдуллаев» медресесинин мүдүрү Давронбек Уринбаев курулуш боюнча маалымат берип, жергиликтүү тургандар колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирди.

«Элибиз бар экен, медресебиз өнүгүп жатат. Сиздер көрүп турган курулуш иштери да элдин күчү жана колдоосу менен ишке ашууда», – деди окуу жайдын жетекчиси.

Ал медреседе диний билимден сырткары адеп-ахлак, бир туугандык, достук, биримдик өңдүү темаларга басым жасалары боюнча да маалымат берип, курулуш иштерине демөөрчүлүк кылып жаткан инсандарга терең ыраазычылык билдирди.