Ноокат хатибиятынын иш кагаздары текшерилип, адиске тийиштүү тапшырмалар жана көрсөтмөлөр берилди

Ош облусунун Ноокат райондук хатибиятынын документ иштери жана жүргүзүп жаткан иш кагаздары текшерилип, бир катар тапшырмалар берилди. Бул боюнча Ош облустук мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу билдирди.

«Хатибияттын иш кагаздары мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшү зарыл. Мамлекеттик тилибизге күйүп, күйөрмандык жана кастарлоо менен иш алып барууга тийишпиз.  Ар бир хатибияттын иш кагаздары талапка жооп берип, ирээттүү болуусу зарыл. Ал үчүн атайын казыяттын көрсөтмөсү бар» – деди кадрлар адиси.

Эскерте кетсек, аталган текшерүү казыяттын жыл башындагы иш кагаздарды бирдиктүү формага өткөрүү жана мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү боюнча планын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.