“Апиза эне” ислам институтунда уюштурулган 10 күндүк окуу курсу аяктап, 70 имам билим алды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген программанын негизинде 10 күндүк окуу курсу уюштурулуп,  70 имам  билим алды.

Окуу курстун алкагында акыйда, фыкх, араб тили, хадис, сарф, сиро боюнча атайын адистер сабак өтүшүп, институтта Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган тажрыйбалуу окутуучулар өз тажрыйбаларын бөлүшүштү. Муну менен катар КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык  бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков катышып, «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгын  жана  “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө Жарлыкты түшүндүрүп, ысырапкерчиликке бөгөт коюу, тарыхый баалуулуктарды, мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу, Манас эпосунун диндеги орду, экстремизм, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдар, ар түрдүү диний агымдар, жамааттар тууралуу маалымат берип, этностор жана конфессиялык аралык ынтымакты бекемдөө менен, Ханафий мазхабын, Матурудий акыйдасын жайылтуу, даңазалоо керектигин баса белгиледи. Ошондой ал мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Саамалыктын соңунда институттун ректору Абдирашит ажы Батыров жалпы студенттерге, ДИМКнын ТАБ башчысына ыраазычылык билдирип, сырттан окуу бөлүмүндө талыкпай эмгектенген, өзүнүн активдүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн мугалим катары иштеп жаткан облус казысы Сайдамир ажы Джейналиевге “Жылдын мыкты мугалими-2022” номинациясын ыйгарды.

Эскерте кетсек, окуу курсу жергиликтүү тургундардын, имамдардын, медресенин бүтүрүүчүлөрүнүн кайрылуусунун алкагында уюштурулуп, институтта сырттан окуу бөлүмү ачылган. Буга чейин студенттер КМДБнын программасына ылайык кышкы сессияны ийгиликтүү тапшырышып, жайкы сессияга карата тапшырма алып кетишкен болчу.