Абдирахман кары Атабаев: Балдарды телефондон алыстатып, Куранга жакындатып жатабыз

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Өзгөн районундагы «Абдираим кары» жана «Имам Ажал Сарахсий» медреселерин зыярат кылып, окуу процессинен кабар алды. Жолугушууга казыяттын кадрлар адиси Иманбек Азизилла уулу жана Акжол ажы Бакиров баштаган Өзгөн райондук хатибиятынын жамааты катышты.

«Абдираим кары медресеси Өзгөндө гана эмес, Ферганада орду бар куттуу окуу жай. Ушул күндөргө чейин мыкты уул-кыздарды тарбиялап келесиздер. Өткөн жылы кыздар бөлүмүнөн эле элүүдөн ашуун хафиза бүтүрүүчү чыгаруу менен бизди сыймыкка бөлөгөнсүздөр. Сиздердин медресеңиздерде окуп, сиздерден тарбия алып жаткан балдар бактылуу деп ойлойм», – деди казынын орун басары.

Абдирахман кары Атабаев балдарды окутуп, тарбиялоодо заманбап педагогикалык методдор колдонулуп жатканын билдирди.

«Негизи быйылкы каникулда медресебизди оңдоп-түзөөнү пландаганбыз. Бирок ата-энелер көп кайрылгандыктан  билим берүүнү улантууга туура келди. Балдар дүйнөсү абдан назик. Алардын жүрөгүнө кирип, адеп-ахлак үрөнүн себүү оңой жумуш эмес. Биз балдарды телефондон алыстатып, Куранга жакындатуудабыз», – деди Абдирахман кары.