Өзгөн районунда эсептик каттоосу бүтпөй жаткан диний объектилер боюнча талкуу жүрүп, имамдарга тапшырмалар берилди

Ош облусунун Өзгөн районунда эсептик каттоодон өтүү процесси аксап жаткан диний объектилер боюнча жыйын өтүп, ага облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, жооптуу имамдар жана дин кызматкерлери катышты.

«ДИМКнын эсептик каттоосунан өтпөй жаткан мечиттерди тез арада каттоо боюнча Азирети Муфтийдин чукул тапшырмасы келди. Ошондуктан бардык мүмкүнчүлүктү ушул багытка буруңуздар. Себептерин изилдеп, диагнозун так коюңуздар. Кээде болор-болбос факторлор себептүү каттоо иши токтоп тура берет», – деп билдирди казынын орун басары.

Алибек ажы мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча Өзгөн райондук хатибияты кыска аралыкта алгылыктуу иштеп, 10 мечитти каттоодон өткөргөнүн айтуу менен калган диний объектилер боюнча ыкчам иш алып баруу тапшырмасын берди.