Баткенде ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана дин кызматкерлерине тапшырмалар берилди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда   ысырапкорчулукту жоюу боюнча   жыйын өтүп, ага казыят кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  катышты.

Жыйында өлкө башчынын “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу,  маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликти жоюу, той, мааракелерди өткөрүүдө  ашыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча сүйлөшүштү.

Ал эми облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров ысырапкорчулук боюнча чыгарган Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатвасы менен тааныштырып, түшүндүрүү иштери бардык мечиттерде жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Муну менен катар учурда дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тыгыз иштөөсү натыйжалуу болоорун билдирди.