Талас облусунун казысы Бакай-Ата районунун имамдары менен жолугушуп, аймактагы диний абал жана Курман айт майрамына даярдыктар менен жеринде таанышты

 Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун имамдары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Облус казысы аймактагы дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылуусу, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыктын ишке ашуусу боюнча маалымат алды.

 «Ар бир тапшырманы жана буйрукту так аткаралы, себеби биз жооптуу кызматтабыз. Имам – элге үлгү жана шарият жаатында жол көрсөтүүчү болушу керек. Коомчулук менен иштөөдө имамдын орду чоң экендигин унутпаңыздар!»,-деди облус казысы.

 Ал эми Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Джусубалиев район аймагындагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, хатибияттын ишмердүүлүгү боюнча отчёт берди.

«Ысырапкорчулук боюнча айыл аксакалдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштеп жатабыз. Аймактагы имамдарыбыз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Учурда биздин райондо бир ысырапкорчулук азайды»,-деди Марат ажы Джусубалиев.

 Муну менен катар облус казысы Курман айт майрамына карата коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар экендигин айтып, шарият көрсөткөн эрежелердин сакталуусу маанилүү экендигин эскертти.

 «Алдыда  чыдамсыздык менен күткѳн  сүйүктүү майрамдарыбыздын бири Курман айт жакындап келе жатат. Бул Жараткандын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалып, анын ыраазылыгына жетүү негизги максатыбыз. Алла Таала Куранда: «Курмандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллахка жетпейт. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллахка) жетет…(«Хаж» сүрѳѳсү, 37-аят)»,-деген. Андыктан Курмандыкка чалына турган мал жандыктардын жашын, союу өкүмдөрүн элибизге туура, так жеткирип айтышыбыз зарыл»,-деди Сулумбек ажы Узеналиев.