«Апиза эне» атындагы Ислам институту 2022-2023- окуу жылына карата күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу  «Апиза эне» атындагы Ислам институту 2022-2023- окуу жылына карата күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө абитуриенттерди шариат жана Куран факультетине кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 11- июлдан 25-августка чейин улантылат.

Институтта Куран жаттоо бөлүмү, медресени бүткөндөр үчүн жогорку деңгээлде шарият илими окутулуп, институтта даярдоо курстары ачылган.

Шарият илимдеринен  сырткары төмөнкү сабактар окутулат:

— Кыргыз тили

— Кыргызстан тарыхы

— Информатика

— Дене тарбия

Окутуу Европалык жабдыктар менен жүргүзүлөт. Институтта Муфтият тарабынан бекитилген Ханафий мазхабы жана Матуруди акыйдасы китептеринен сабактар берилмекчи.

 Окуу жайга талап кылынуучу документтер :

1.Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө

2.Жашаган жеринен тактама (үй-бүлө курам)

3.Медициналык тактама / форма №086

4. 4 даана сүрөт 3х4 өлчөмүндө

5. Билими тууралуу күбөлүк же аттестат же медресенин диплому