САПтын ажылык министрлигинде жыйын өтүп, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү картасы жана тартиби түшүндүрүлдү

Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинде жыйын өтүп, ага 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, штаб жетекчисинин орун басары Асан ажы Сыргабаев жана жалпы кызматкерлер катышты. Муну менен катар жыйынга Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана башка  өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышып, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү картасы жана тартиби түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Мекке шаарынан Мина өрөөнүн ажыларды көчүрүүдө автобустардагы коопсуздук эрежелери, Мина өрөөнүнөн Арафат жана Муздалифа аймактарына барууда ажылардын жолдо жүрүү эрежеси жана Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан бекитилген графиктерди так сактоо керектиги айтылды.

«Мекке шаарынан Мина өрөөнүнө көчүүдө Кыргызстандык ажыларга министрлик тарабынан 18 автобус бөлүндү. Ар бир автобуска GPS (спутниктик навигация системасы)  орнотулуп, көзөмөлгө алынат экен. Эми биздин милдет штаб кызматкерлери ажы башчылар менен биргеликте Мекке шаарынан Мина өрөөнүнө ажыларыбызды бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен көчүрүп, ажылык амалдарын туура жана шарият көрсөткөн тартипте аткартуубуз зарыл»,-деди штаб жетекчиси Абилилла ажы Кадырбердиев.