КР Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Улукбек Марипов  бүгүн, 5-июлда ыйык Мекке шаарындагы 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабынан кабар алды. Жолугушууга штаб жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери катышты.

2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси ажылык сапары жана Сауд Араб Королдугунун ажылык министрлиги тарабынан коюлган талаптар, шартта жана эрежелер менен тааныштырды.

«Буюрса эртең, 6-июль күнү жарандарыбыз ажылык амалдарын аткаруу үчүн Мина өрөөнүнө көчө башташат. Андан кийин Жараткан Алла Таалам насип кылса ажылык ибадаттар аткарылып, 12-июлда кайрадан Мекке шаарына көчөбүз. Ал эми Жидда – Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 19-июлда башталат»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ал эми КР Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Улукбек Марипов элчилик ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, штабдын ишине ийгилик каалады.

«Элчилик атайын мекендештерибизден кабар алуу үчүн келдик. Кызматыңыздар үчүн ыраазычылык. Биз ар тараптуу жардам берүүгө даярбыз. Эң негизгиси жарандарыбыз ажылык амалдарын жакшы өтөшүп, мекенибизге аман-эсен жетип алышсын»,-деди Улукбек Марипов.