Ноокат районундагы дин кызматкерлерине ысырапкорчулукту жоюу боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районунда КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жасалып жаткан иштер боюнча жыйын өткөрүлдү. Ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, жооптуу имамдар жана имамдар катышты.

«Президенттин жарлыгын аткаруу алкагында жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерибизди элибиз түшүнүү менен кабыл алып жатканы жүрөк кубантат. Ошого карабай түшүндүрүү, агартуу иштерин тынымсыз жүргүзө берели. Кандай гана жолугушуу болбосун, жок дегенде ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча эки сүйлөм болсо да жеткирүүгө аракет кылалы. Кудай жалгап ысырапкорчулуктун тамыры кыркылса, эки дүйнөдө тең утабыз», – деп билдирди казынын орун басары.

Жыйында экстремизм жана терроризмдин залалдары боюнча да маалымат берилип, салттуу ислам дүйнө таанымынын артыкчылыктары боюнча сөз болду.