Ош облусунун казысынын орун басары Ноокат районундагы бир катар медреселерди зыярат кылып, окуу процесси менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Ноокат районундагы «Хамиджан кары», «Куран ордо», «Чардана» жана «»Накшибандия» медреселерин зыярат кылып, окуу процесси менен жеринде таанышты. Зыяратка Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, медресе мүдүрлөрү жана мугалимдер жамааты катышты.

«Ата-энелердин үмүтү, коомчулуктун ишеничи акталууга тийиш болуусу үчүн окуу жайга жакшы шарт түзүү керек. Билим алган  бала  адеп-ахлактык жактан дагы чоң өзгөрүү менен кетиши керек», – деп билдирди Алибек ажы.

Ал эми «Хамиджан каары» медресесинин мүдүрү Нусратилло Тажибаев муфтият, казыят менен тыгыз байланышта болуп, жогорку инстанциялардан келген буйрук жана тапшырмаларды өз убагында так аткарууга аларын билдирди.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин тапшырмасы, облус казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин буйругунун негизинде өткөрүлдү.