Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана казыят кызматкерлери облустагы окуу жайлардын  мүдүрлөрү жана диний окуу жайлардын  бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.  Диний окуу жайлардан келген мугалимдер менен бүтүрүүчүлөр казыяттын имараты менен таанышып, облус казысынын пландуу иштерине күбө болушту.

“Бүгүн диний окуу жайлар жана казыят, хатибияттар билимдүү кадрларга муктаж. Кесипкөй адис болуу үчүн бардык тармакты өздөштүрүп, ар тараптуу болушу керек. Азыр замандын талабына ылайык технологиянын заманы болгондуктан бул жаатты сөзсүз өздөштүрүү маанилүү”,- Нематулла ажы Жээнбеков

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунан быйылкы жылы 155 студент диний окуу жайларды ийгиликтүү аякташты. Облуста жалпысынан 1 ислам институту, 13 медресе, 10 окуу борбору  бар.