Өзгөндө мечит имамдарына жыйын болуп, Курман айт майрамын өткөрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди

Бүгүн, 6-июль күнү Өзгөн районунун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын болуп, Курман айт майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү, мечиттердин каттоосун тездетүү, мечиттердин тазалыгы,  азан убактылары жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча тийиштүү ташырмалар  берилди. Жыйынга Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана районго караштуу мечиттердин имамдары катышты.

Иш-чарада Акжол ажы Бакиров мечиттердин каттоо иштерин тездетүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

«Кыска убакыттын ичинде ройонубузга караштуу бир канча мечиттердин күбөлүктөрүн алууга жетиштик. Каттоосу бүтө элек мечиттер, чамдаңыздар. Биз колдон келген бардык жардамды беребиз. Курман айт майрамы 9-июль күнү белгиленет. Шаардын айланасындагы, жолдун боюндагы мечиттерде жол тыгынын эске алыңыздар. Убактысын да муфтият көрсөткөн убакыттан кечиктирбеңиздер» ,- деди баш имам-хатиб.