Өзгөн хатибиятынын документ иштери текшерилип, «эң жакшы» деп табылды

Ош облусунун кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу Өзгөн райондук хатибиятынын документ жана иш кагаздарын текшерди.

«Өзгөн хатибияты муфтият, казыяттан жөнөтүлгөн буйрук, тапшырмаларды так аткарып, отчетторду өз убагында тапшырып келесиздер. Документтик ишиңиздер, жүргүзгөн иш кагаздарыңыздар иреттүү, жай-жайында экен. Кириш-чыгыш каттар номурланып, баары өзүнө таандык делолорго тиркелиптир. Ушул темп менен иш алып бара бериңиздер», – деди Азизилла уулу.

Кадрлар адиси иш кагаздарды мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүүнүн зарылдыгына токтолуп, дин кызматкерлеринин өздүк делолорун жаңы тартипке ылайык жаңылоо керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, текшерүү казыяттын иш кагаздарды мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү жана дин кызматкерлеринин функционалдык сабаттуулугун көтөрүү планын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлдү.