Курман айт намазы Каракол шаарындагы борбордук аянтында окулат

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Каракол шаардык мэриясы менен сүйлөшүп, айт намазды аянтта окуу чечимин кабыл алышты.

Айт намазынын программасы:

6.00- 6.30- дин аалымдарынын баяндамалары;

06.30-07.00- Куттуктоолор;

07.00- Айт намаз;

“Айт намазын окуу үчүн келген жарандарыбызга бардык шарттар каралып, коопсуздук эрежелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Учурда айт намазга даярдык көрүү жана мечиттердин каттоосун тездетүү боюнча баш имам-хатибдерге тапшырмалар берилди”,- дейт облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.