Өзгөндө ысырапкорчулукту жоюуга багытталган жыйын болуп, жетишкендиктер жана кемчиликтер талкууланды

Ош облусунун Өзгөн районунун борбордук мечитинде ысырапкорчулукту жоюуга байланыштуу талкуу болуп өттү. Талкууга Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров,  орун басары Жусупбек Арстанбек уулу жана жооптуу имамдар катышты.

Иш-чарада ысырапкорчулук боюнча ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген түшүндүрүү иштерине сереп салынып, күтүлгөн жыйынтыктар жана кемчиликтер тууралуу сөз болду.

«Ысырапкорчулукту жоюу боюнча Президенттин Жарлыгын, КМДБнын фатвасын ар бир расмий дин  кызматкерине жеткиргенбиз. Жарлык чыккан күндөн тарта дин кызматкерлерибиз күчөтүлгөн тартипте иш алып барды. Ошого карабай күтүлгөн жыйынтыктарга жетүү оор болду», – деп билдирди казынын орун басары.

Ал эми баш имам-хатиб Жарлыкты аткаруу алкагында райондогу ар бир айыл өкмөтү менен тыгыз иш алып барып, пландуу жолугушууларды өткөргөнүн, бул боюнча казыятка дайыма отчеттук маалымат берилип турганын айтты.

Белгилей кетсек, аталган жыйында экстремизм жана терроризмдин алдын алууда дин кызматкерлеринин ролу боюнча да сөз болуп, дин атын жамынган радикалдык көз караштардын алдын алуу боюнча механизмдер талкууланды.