Алибек ажы Жусупов «Хайринисо» медресесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Өзгөн районундагы «Хайринисо» медресесин зыярат кылып, курулуш иштери менен жеринде таанышты.

«Хайринисо» медресеси казыят, хатибият менен тыгыз байланышта болуп, КМДБдан келген буйрук, тапшырмаларды өз убагында аткарууга алат. Курулуш иштери тез арада бүткөрүлүп, 2022-2023 — окуу жылына даяр болуп калышыңыздарга тилектешмин», – деди казынын орун басары.

Ал эми Убайдулло Джабаралиев курулуштун максаты медресенин базасын кеңейтүү аркылуу 3 жылдыктан 4 жылдык диний билим берүүгө өтүү экенин айтты.

«Медресенин имаратын кеңейтүү менен студенттерге диний билим менен бирге кошумча кесиптик билим берүүнү өнүктүрөбүз. Тикмечилик, кулинария, программалоо курстары уюштурулат», – деди Джабаралиев.