Бишкектин казысы Шакир ажы Маматов Курман айт майрамын өткөрүү жана курмандык чалуунун эрежесин элге түшүндүрүү боюнча калаадагы имамдарга жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов Биринчи Май районуна караштуу «Кут» мечитинде жалпы мечитинде калаадагы  имамдарга жыйын өткөрүп, анда Курман айт майрамын уюштуруу тартиптери, эрежелери жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылуусу, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыктын ишке ашуусу боюнча маселелер талкууланды.

«Ислам дининде болгону эки эле майрам бар. Орозо айт жана курман айт майрамдары.  Ушул айт майрамдарында элибизге жакшы кызмат кылып, колубуздан келишинче  мечиттерибизди таза кармап, техникалык жабдыктарын текшерүүдөн өткөрөлү. Курмандык чалуунун эрежелерин журтубузга жакшы түшүндүрүп, айт намазын өз убагында окуйлук»,- деди шаар казысы.