Чоң Кара-Буура айылына курулган жаңы мечит элдин пайдалануусуна берилди

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылында Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен заманбап мечит ачылып, пайдаланууга тапшырылды. Саамалыкка  Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев  жана ЖК депутаттары Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев, «Ислам нуру» медресесинин мүдүрү Касым ажы Сыдыков, райондун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев жана жергиликтүү эл катышты.

Облус казысы айыл тургундарын мечиттин ачылышы менен куттуктап, айыл жаштарынын ыйманын бекемдеп, адеп-ахлактуу болуусуна салымын кошооруна тилектештигин билдирди.

«Мечит Алла Тааланын үйү экендигин унутпашыбыз керек. Мечит эл жана ибадат менен кооздолот. Айыл элинин ынтымагын бекемдеген, жаштарды ыймандуулукка чакырган мечиттерден болсун»,-деди өзүнүн каалоосунда облус казысы.