Музаффар ажы Турдубаев Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушуп, мечиттердин каттоосу жана ысырапкерчилик боюнча маалымат берди

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу «Мухаммаджан» мечитин зыярат кылып, жергиликтүү жашоочулар  менен жолукту.

Эл менен болгон жолугушууда Музаффар ажы КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча сөз кылып, сарамжалдуу жашоонун пазилеттери боюнча насаатын айтты. Ошондой эле каттоодон өтө элек мечиттер боюнча маалымат берип, бул жаатта Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, облустук казыяттын тапшырмасы бар экендигин билдирди.

«Сиздердин мечит эсептик каттоодон өтпөй турат. Ушундай кооз мечитти келиңиздер чогу мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрөлү. Кайсыл себептер менен каттоо кечигип жатат, ошону тактап, тез арада тиешелүү документ иштерин аныктайлы. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз жардамдарын беришүүдө», – деди баш имам-хатиб.