Талас облусунун мусулмандарынын казыяты «Газпром» спорт комплексинде Усейн ажы Мизраимовдун жана Майрам Казакбаевдин жаркын элестерине арналган футбол боюнча турнир өткөрдү. Спорттук иш-чара маркумдарга Куран окуу менен башталып, андан соң облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, «Ислам нуру» медресесинин мүдүрү Касым ажы Сыдыков жана Кара-Буура районунун баш имам хатиби Исламбек Куматаев маркумдардын ислам дини үчүн кылган кызматтары жана жасаган иштерин эскеришти.
Спорттук мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээлесе, 2-орунду казыяттын командасы багындырды. Ал эми 3-орун Талас районунун командасына берилди.