Каракол шаарындагы чек арачыларга «Экстремизм жана терроризм — жалпыбыздын көйгөйүбүз» аталышындагы иш чара уюштурулду

Мамлекеттик чек ара кызматынын Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө «Экстремизм жана терроризм — жалпыбыздын көйгөйүбүз» аталышында лекциялар окулду. Аскер кызматкерлерине уюштурулган жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол шаарындагы жоопту катчысы Р.Ж.Сагымбаев, Каракол шаарынын баш имам хатиби ажы Т.Р.Сабриков жана Каракол ШИИБнин ЭжММКККсынын  ага ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Н.Ж.Каптагаев катышып, бир катар пайдалуу маалыматтарды беришти.