Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирде өтүп жаткан «Практика менен теориянын ортосундагы фатваны жаңыртуу» аталышындагы эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатынын «Практика менен теориянын ортосундагы фатваны жаңыртуу» аталышындагы 4чү эл аралык конференцияга катышууда.

Эл аралык конференцияны Египет мамлекетинин дин иштери боюнча башкармалыгы (Муфтият) уюштуруп, ага 73 мамлекеттен Азирети Муфийлер, дин аалымдары катышып, дүйнө жүзүндө салттуу Ислам дининдеги фатванын орду, фатванын жаңылануусу темаларынын алкагында докладдарын окушууда. «Практика менен теориянын ортосундагы фатваны жаңыртуу» аталышындагы 4чү эл аралык конференцияны Египет мамлекетинин Азирети Муфтийи доктор Шавки Ибрагим Абдель-Карим Аллам ачып берип, дүйнөнүн ар тарабынан чогулган бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатынын курамына ыраазычылыгын билдирди.

Эл аралык конференция 3 күнгө созулуп, анын алкагында бардык катышуучулар фатва маселесине тиешелүү суроолорду талкуулашып, анын коомду ордун жана тынчтыкты сактоодогу максатын терең карап чыгышмакчы.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айыда Каир шаарында өткөн «Фатванын стабилдүүлүктү сактоодо ролу» аттуу эл аралык конференциянын алкагында дүйнөлүк фатва берүүчү аалымдардын курамынан турган бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариаты Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди мүчөлүккө кошкон. Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатынын курамы Ислам борборлору, муфтийлер жана дүйнөдөгү фатва берүү мекемелеринин мүчөлөрүнөн куралган.