Бишкектеги борбордук мечитте аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бишкек шаарындагы борбордук мечитте аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен азык-түлүк таратылды.

Шаар казысы кайрымдуулук иштери ыйык Рамазан айынан тарта уланып келе жаткандыгын айтып, муктаж үй-бүлөлөр үчүн чоң жардам экендигин билдирди.

«Кайрымдуулук иш-чарабыз жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ыйык Рамазан айында башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Берешендик береке алып келет»,- деди шаар казысы Маматов Шакир ажы.