Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына учуп кетүү үчүн Жидда аэропортуна жөнөп кетишти

Ыйык Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына учуп кетүү үчүн Жидда аэропортуна жөнөп кетишти. Алгачкы каттамда 406 жаран сапар алышып, Сауд Арабиянын убактысы боюнча кечки саат 23:45те учуп кетишмекчи. Ал эми Бишкек шаарына эртең, 20-июль күнү Кыргызстандын убактысы боюнча таңкы саат 09:45те “Манас” эл аралык аэропортуна конмокчу.

Кыргызстандык ажылардын алгачкы каттамын Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчилиги тосуп алмакчы.