Азирети Муфтий Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев бүгүн, 20-июль күнү Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Кыргыз Республикасындагы диний абал боюнча пикир алышты. Азирети Муфтий өлкөдө Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча атайын окутуулар жана дин кызматкерлеринин квалификациялык билим деңгээлдери жогорулатылып тураарын билдирип, элчи мырзанын ишине ийгилик каалады.