Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура жана Манас районунун имамдары менен жолугушуп, алардын отчётторун укту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура жана Манас  районунун имамдары менен жолугушту.  Аймактагы дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда облус казысы мечиттердин документ иштеринин бүткөрүлүүсү, фатва,  буйруктардын аткарылышы жана экстремизмдин  алдын алуу маселеси боюнча аткарылып жаткан иштердин отчётторун укту.

Имамдар менен болгон жолугушууда Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев район аймагындагы бардык мечиттердин каттоо иштери бүткөрүлүп, жаңы курулуп жаткан мечиттердин документтери ачылышына чейин даярдалаарын билдирди. Муну менен катар фатва  жана буйруктар өз учурунда аткарылып жаткандыгын маалымдады.

Аймактагы дин кызматкерлеринин отчётторун уккан облус казысы эл арасында туура диний баалуулуктарды жеткирүүдө түшүндүрүү иштерине жакшы көңүл буруу зарыл экендигин баса белгилеп, имамдардын ишине ийгилик каалады.