Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Покровка айылында курулуп жаткан хатибияттын жана мечиттин курулуш иштеринен кабар алды

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районуна иш сапары менен барып, Покровка айылында курулуп жаткан хатибияттын жана мечиттин курулуш иштеринен кабар алды.

Райондун баш имам-хатиби Миржалжал ажы Дадабаев хатибияттын курулушу боюнча маалымат берип, кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлө тургандыгын билдирди.

Ал эми облус казысы хатибияттын курулушуна аймактагы имамдар дагы кайдыгер карабашы керектигин, бул райондун жүзү боло тургандыгын баса белгиледи.

«Манас районунун аймагындагы бардык имамдардын иштөө кеңсеси бул хатибият болуп саналат. Жыйындар жана жолугушуулардын бардыгын ушул жерде өткөрүп, аймактагы диний абал ушул жерден талкууланышы зарыл. Муну менен катар дин кызматкерлери элге жакын болуп, райондогу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштөөсү маанилүү»,-деди облус казысы.