Азирети муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык казыяттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин  орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык казыяттын  ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Азирети Муфтийдин орун басары казыяттын  жылдык иш планынын аткарылышын текшерип, диний абал боюнча шаар казысынын отчётун укту.

Муну менен катар Азирети Муфтийдин орун басары эртең, 21-июль күнү шаардык казыят менен  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан  биргеликте өтүүчү улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жөнүндөгү жыйынды талкуулашты.