Жалал-Абад облусунун казысы шаардагы эскилиги жетип, учурда жаңыланып жаткан “Азирети Аюб” мечитинин курулушу менен жеринде таанышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков  Жалал-Абад шаарындагы эскилиги жетип, учурда жергиликтүү демөөрчүлөр жана “Ас-Санабил” фонду тарабынан жаңыланып жаткан “Азирети Аюб” мечитинин курулушу менен жеринде таанышты.

Мечит 1991-жылы курулуп, 2000 кишиге ылайыкташкан. Учурда шаардын калкы чоңоюп, элдин батпай калгандыгынан улам  мечитти чоңойтуу жана заман талабына ылайык жаңылоо талабы келип чыккан.

«Мечитти салууда элге түзүлгөн шартка дагы абдан маани берүү зарыл. Себеби, жума жана айт майрамдарында эл көп болуп, даарат алуучу жайларда тартыштык пайда болот. Муну менен катар мечиттин жылуулугуна өзгөчө маани берүүбүз зарыл. Мечитке ибадат кылганы келген жарандарга жакшы шарттар түзүлүшү керек. Элден айланса болот, мына мечитибиздин курулушун дагы колдоого алып жатышкандыгы кимди гана кубантпайт»,-деди облус казысы.

Мечиттин курулушу менен тааныштырган Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Ислам ажы Амиршаев учурда жергиликтүү жашоочулар жана шаардын коноктору үчүн бардык шарттарды түзүү аракети көрүлүп жаткандыгын маалымдады.