Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборун 76 студент аяктаса, 18 студент Куранды толук жаттаган

Кечээ, 19-июль күнү Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар  тапшырылды. Окуу борборду 76 студент аяктап, алардын ичинен 18 студент  Куранды толук жаттаса, 34 студент  Куранды толук окуганды өздөштүрүштү.

«Окуу борборду 76 студент аякта, алардын ичинен 24ү энелер болот. Биздин улуу муундагы апаларыбыз, энелерибиз ыйык Куранды толук окуганды өздөштүрүштү»,-деди шаар казысы Мурзакул кары Осмонов.

Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Тойгонбай Абдыкадыров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Анасхан ажы Ташхужаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Иш-чаранын алкагында «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун мүдүрү Убайдулла ажы Сарыбаевге окуу жайды жетектеп, жакшы натыйжаларга жетишип келгендиги үчүн катышуучулар жана коноктор тарабынан ыраазычылыктар айтылды.