Ошто конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 20-июль күнү Ош шаарындагы «Классик» мейманканасында Ош облусу жана Ош шаары боюнча Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Бакиров, Ош шаардык мусулмандар казыятынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Акпарали уулу Алибек, диний окуу жайлардын мугалимдери, эксперттер жана кеңештин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо   маселелери боюнча баяндамалар жасалды.