КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү кичинекей бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы   кичинекей бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады. Майрамдык иш-чарага ата-энелер жана мекендештер катышып, КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү ата-эненин балдардын алдындагы милдеттери, балдарга билим берүүнүн маанилүүлүгү, тарбия жана ыйман боюнча баяндама жасады.

«Балдар биздин келечек. Андыктан биз алардын билимине, тарбиясына жана эң негизгиси ыйманына көңүл бурушубуз керек»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.