Өзгөндүн Шоро-Башат айылында Куран илимин үйрөнүп жаткан жаштарга белектер берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылындагы Гулистан мечитинде мектептен сырткаркы убакта Куран илимин үйрөнүп жаткан жаштардын алдыңкыларына жергиликтүү демөөрчү тарабынан белектер берилди.

Иш-чарага мечит имамы Азимбай ажы Айматов, Гулистан мечитинин жамааты жана Куран илимин үйрөнүп жаткан жаш жеткинчектер катышты.

«Имамдардын көзөмөлү алдында районго караштуу бир канча мечиттерде Куран илимин үйрөтүп келүүдөбүз. Көбүнчө өз айылынан чыккан каары балдар мечиттерде сабак берип жатышат. Айрым айылдарда жергиликтүү жаштар сабак өткөн мугалимге кызмат акы төлөп болсо да ислам динин баалуулуктарын жеткирүүгө аракет кылышууда. Шоро-Башат айылындагы көрүнүш ошолордун бири» – деди Өзгөн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.