Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Куршаб айылынын тургундары менен жолукту

Бүгүн, 22-июль күнү Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров пландаштырылган графиктин негизинде Куршаб айылдык аймагындагы борбордук мечитте жергиликтүү тургундар менен жолукту. Эл менен болгон жолугушууда  Акжол ажы Бакиров ислам динин баалуулуктары жана президенттин маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жума намазынан соң Куршаб аймагына таандык мечит имамдарына мечиттердин тазалыгы, көрнөк-жарнактары боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, Өзгөн райондук хатибияты графиктин негизинде районго караштуу аймактарды текшерүүдө.